• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коомдук жайларда беткап тагынбагандарга чара көрүлөт

26 Бугу 2020 9:49 Бишкек Govori.TV

Базарларда, соодо борборлордо жана коомдук транспорттордо беткап тагынбаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирген.

Штабдын жыйында мамлекеттик органдарга жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына карата бекитилген алгоритмдин негизинде ишти күчөтүү милдеттендирилди.

 “Беткапсыз жүргөн жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуу тобокелчилиги жогору. Ошондуктан коомдук жайларда беткап тагынуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү керек”, – деп билдирген Боронов.

Мындан тышкары, отурумдун жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына илдетти жуктуруп алгандардын байланыштарын так аныктоо, үй карантининдегилерди катуу көзөмөлгө алуу, республикалык штаб тарабынан берилген тапшырмаларды ыкчам  аткаруу, сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы берилди. 

Количество просмотров: 43