• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча кайрадан тендер жарыяланды

28 Баш оона 20189:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.08.2018.Govori.TV.

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга багытталган онлайн-аукцион кайрадан өткөрүлө тургандыгы белгилүү болду.

Ага катышуу үчүн арызды 4-сентябрь саат 15.00гө чейин жиберсе болот. Видеокөзөмөл системасын орнотуу боюнча тендердин баштапкы баасы 2,5 миллиард сом. Долбоордун шарты боюнча жеңүүчү Бишкектин кесилиштерине, шаар аралык жолдорго жана ылдам жүрчү трассаларга — жалпы 110 комплекс орнотушу керек. Ошондой эле чыгымдын бардыгы подрядчынын мойнунда болот.

 

Количество просмотров: 42