• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Коопсуз шаар» долбоору ЖКда талкууланат

19 Чын куран 2018 10:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.04.2018. Govori.TV

Кыргызстанда 2017-жылы 6 миң жол кырсыгы катталып, андан 900дөй адам каза тапкан. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтарында айтылат. Ошондон улам, бүгүн Жогорку Кеңеште Өкмөттүн  “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча аткарган иштерин талкуулаган өкмөттүк саат өткөнү жатат.

Былтыр, Сапар Исаков баш болгон Өкмөт мурдагы “Коопсуз шаар” долбоорун “Акылдуу шаар” деп алмаштырып, аны ишке ашыруу үчүн аракеттерди жасаган. Анын алкагында кыайлык “Хуавей”  компаниясы менен 60 млн. долларлык келишимге кол коюлуп, андан кийин Премьер-министр Дубайга учуп барып, алардагы коопсуз шаар системасы менен таанышып, тажрыйба аламашууну талкуулап кайткан. Бирок, кытайлык өнөктөштөр долбоорду техникалык, системалык кемчиликтер техникалык-экономикалык негиздемесин кечиктирди деген кине менен кыргыз өкмөт келишимди бир тараптуу бузуп чыгып кеткен. Өткөн жумада болсо бул долбоорду жергиликтүү програмисстер менен Өкмөт өзү ишке ашыра турган болуп, пилоттук долбоорду презентация жасаган болчу.

Ал арада, жылдын башынан бери жүздөгөн үрөй учурган кырсыктар катталып, коомчулук коопсуз шаар долбоорунун кечиктирилишине нааразы болуп келет.

 

Количество просмотров: 17