• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Коопсуз шаардын» айып пулдарын ыктыячылар өздөрү төлөөгө мажбур…

9 Аяк оона 2020 13:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус күчөп жатканда адистер жетишпей, ар бир ыктыярчылар адам өмүрүн сактоого билек түрө киришкен эле. Учурда ошол ыктыярчылар бейтаптарды оорукананга ташып жүрүп бузулган жол эрежелери үчүн жазылган айып пулдарды өздөрү төлөп жатышат. Бул тууралуу «Кызыл Ай» коомунун социалдык департаментинин башчысы Айдай Эрикова «Govori.TVга» билдирди.

Анын айтымында, алардын коомго тиешелүү болгон унаага 21 миң сом айып пул жазылган.

«Биздин пикирибизде өкмөт ушу пандемия күчөп жаткан учурда жан үрөп иштеп, жарандарга жардам берген ыктыярчыларга азыр колдоо берүүсү керек. Эмгегин баалоо керек да, башка деле эч нерсе сурашпайт алар. Биздин коом учурда жооп күтүп жатабыз. Ал эми башка бирикмелердин айып пулдарын кечип салуу сунушу канаттандырылган эмес. Алардын айтымында айыппулдарды төлөбөө үчүн бар катар маалым кат керектелет. Ал эми аны алуу үчүн бир топ убакыт талап кылынууда. Ал эми айып пулдарга 2 жумадан соң туум да кошулуп кетээри белгилүү», — дейт Эрикова.

Ал кошумчалагандай, ыктыярчылардан Саламаттыкты сактоо министрлигинен, мэриядан алына турчу бир катар документтер талап кылынган.

«Биздин уюмдагы 600дөй ыктыярчы коронавирус менен күрөшүүгө өз салымдарын кошушту. Ошол абалда алардын жардамы чоң болду. Биздин уюмдун бир унаасы иштеп, бейтаптарды ооруканалдарга ташып, дары-дармек жеткирип жаттык. Учурда эсептелинип чыгып келген айып пул 21 миң сомду түзгөн. Өзүбүз коомдук бирикме болгондуктан айып пулдарды төлөөгө каражатыбыз деле жок. Көп деле нерсе сурабайбыз, ушул маселени оң жакка чечип берсе жакшы болмок», — дейт ал.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы “Коопсуз шаардын” чыгып келген айып пулдарына макул эмес жарандар ал чечимге каршы арызы менен кайрылса болоорун айтат.

Такталгандай, эреже бузуулар тууралуу токтом автоматтык түрдө  траспорт каражатынын ээсине түзүлөт. Бузуулар Кодексине ылайык, токтом менен макул болбогон жарандар 10 күндүн ичинде арыз бере алышат.

“Ходатайстводо жол эрежесин бузуунун себеби жазылуусу керек. Ыктыярчылар чынында эле кайсы мекемеге байланганы тууралуу (Саламаттык сактоо министрлиги, оорукана, ЦСМ) маалым кат алып келүүсү керек. Ходатайствону өзү жеке же интернет аркылуу жиберсе болот. Арыз каралып чыккан соң расмий жооп берилет”, – деп билдирди мекемеден.

Кошумчалангандай, учурда мекеменин мониторинг борборуна жарандардан жана бирикмелерден 48 кайрылуу келип түшкөн, анда айып пулдар тууралуу 617 токтомду жокко чыгаруу суранычы келтирилген. Аларды ичинен 99 токтом жок кылынса, 145и күчүндө калган.  

Белгилей кетсек, жеке унаалары менен жүргөн ыктыярчылардын айып пулдарына жеңилдик берүү маселеси президент менен болгон жолугушууда да көтөрүлгөн. Жээнбеков бул маселе көзөмөлдө болоорун айткан эле.

Количество просмотров: 101