• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коопсуздук кеңеш: Раимбек Матраимов издөөгө алынбагандыктан, анын кайсы мамлекетте жүргөнүнөн маалымат жок

25 Жетинин айы 2019 10:51 Бишкек Govori.TV

Раимбек Матраимов издөөгө алынбагандыктан, анын кайсы мамлекетте жүргөнүнөн маалымат жок. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн жыйында айтты.

«Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата издөө жарыяланбагандыктан, анын кайсы мамлекетте жүргөнүнө көзөмөл салынган жок. Биздеги маалыматка ылайык, ал Кыргызстанда. Ал эми ушул жылдын 1-декабрына чейин борбордук Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүгө тыюу салуу боюнча чечим бар. Бирок биз демократия өлкө болгондуктан наарзычылык акциясына чыккандарды эч ким күчтөп тарката албайт», — деди Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.

Ошону менен Раимбек Матраимов агасы Искендер Матраимовдун фейсбук баракчасы аркылуу өлкөдөн чыгып кеткенин тастыктады.

«Жалган жалаа, калп маалыматтарды таратуу аркылуу мени курулай жаман көрсөтүү аракетинен улам коомчулукта азыр мага байланыштуу ар кыл пикирлер, уу-дуу кептер тарап кетти. Ушундан улам мен өз өлкөмө кайтып келүү чечтим. Мага байланышкан кандай суроо болсо, ошонун ичинде укук коргоо органдарында, мен жооп берүүгө даярмын», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 50