• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кореяда учакты токтоткон министрдин орун басары Каденова бир заматта Кыргызстанды дүңгүрөттү (Видео)

24 Аяк оона 2018 19:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.09.2018. Govori.TV.

Кыргызстандын чоң кызматын ээлеген айым -Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарган. Анын кесепетинен Сеул-Алматы каттамы токтогон. Аны алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазган.

Кийин бул эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары экенин “Govori.TV” сайтына жеке булактар билдирген. Учакта чыр салган айым Зууракан Каденова экенин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов тастыктады.

Зууракан Кеденова социалдык тармактарда президент Сооронбай Жээнбековдун жээни экени айтылган. Бирок бул маалыматты президенттин аппараты жокко чыгарды.Ошол күнү кечинде, Каденованы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотту. 23- сентябрда Каденова Сеулдан Бишкекке учуп келди. Каденова арак ичпегенин ен соолугуна байланыштуу валерьянка ичкенин Бишкеке келгенде билдирди.

Количество просмотров: 34