• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирус: Абактарда атайын режим киргизилди

30 Кулжа 2020 21:22 Бишкек Govori.TV

Коронавирус инфекциясынын тарап кетүү коркунучуна байланыштуу жана абактарда вирустун жайылуусун алдын алуу максатында атайын режим киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

ЖАМКтын буйругуна ылайык, мекемелерде камакта жаткандар менен жолугушуу үчүн ПЧР-анализдин жыйынтыгы таза болушу керек.

«Аталган талап ЖАМКтын мекемелерине кирүүнү каалаган бардык адамдарга тиешелүү. Бирок буга карабастан коопсуздукту камсыздоо максатында бардык жарандардан жолугушууга келбей турууну суранабыз. Буга байланыштуу ЖАМКтын мекемелеринде соттолгондор үчүн туугандары жана жакындары менен сүйлөшүү үчүн видео байланыш уюштурулду. Мындан тышкары мекемелердеги соттолгондор үчүн тамак-аш кадимки режимде кабыл алынып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө кызматкерлердин, аскер кызматкерлеринин жана камактагы адамдардын дене табы эртең менен, кечинде текшерилип, алар медициналык бет кап, антисептик менен камсыздалган.

«Атайын контингент тарабынан СОVID-19 вирусун алдын алуу үчүн көрүлгөн чараларга жана убактылуу чектөөлөргө каршылык көрсөтүлгөн жок. Алар түшүнүү менен кабыл алып, өздөрү дезинфекциялоого катышып жатышат», — деп айтылат маалыматта.

30-июнга карата ЖАКМтын 16 кызматкеринен коронавирус аныкталып, алардын экөө ведомстволук госпиталда, бири Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат. Ал эми камактагы адамдардан коронавирус аныкталган жок.

Количество просмотров: 163