• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Коронавирус: Индияда абал курч бойдон калууда

4 Бугу 2021 9:22 Бишкек Govori.TV

Индияда өткөн суткада коронавирус жуктурган 360 миңден ашык жаңы учур катталып, 3 417 бейтап каза болду. Буга чейин мындай жогорку көрсөткүч бир дагы өлкөдө катталган эмес. Илдеттин кулач жайышына Индиянын саламаттык сактоо системасы даяр эмес болуп чыкты.

Индияда пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алгандардын саны 19 миллиондон ашып, 215 миң адам коронавирустан өлгөнү тастыкталды. Ооруканаларда өтө оор абалдагы бейтаптарга орун жетишпей, кычкылтек баллонунун таңкыстыгы байкалууда.

Инфекциянын жайылышынан Түштүк Азиянын башка аймактары да жабыркап жатканы кабарланууда. Непал жана Шри-Ланка өлкөлөрүндө коронавирус жуктургандар көбөйүп, ооруканаларда оорундар, кычкылтек жана дары-дармек жетишсиз болууда.

Пандемиянын үчүнчү толкунун башынан өткөрүп жаткан Пакистан 4-майдан тартып Ооганстан жана Иран менен чек арасын эки жумага жапты. Ошол эле маалда бул мамлекеттерден келген пакистандыктардын өлкө аймагына киришине эч кандай чектөө жок.

Количество просмотров: 136