• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Коронавирус: Ошто бир катар чектөөлөр киргизилди

12 Кулжа 2021 11:01 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин маданий-массалык иш-чаралар токтотулат. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты.

«Учурдагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу дагы үч мобилдик топ түзүлдү. Коомдук жайларда, мекемелерде текшерүү иштери күчөтүлдү. Шаардын бардык базарларында жумасына бир жолу санитардык күн өткөрүлүп, тиешелүү кызматтар аймакты тазалашат. Ресторандардагы, тойканалардагы орундардын 50 пайызы гана толуп, санитардык эрежелер сакталышы зарыл. Эгер 1-июлдан кийин эпидемиологиялык кырдаал курчуса тойлорду, майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилиши мүмкүн. Ал эми билим берүү мекемелеринде окутуу онлайн режимде улантылат. Учурда №52 жана №18 мектептеринин базасында күндүзгү стационарлар ачылды. Зарылдык болсо кошумча күндүзгү жана күнү-түнү иштеген ооруканалар ачылат. Шаардын мечиттеринде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды так сактоо зарылдыгы, айрыкча жума намаз учурунда түшүндүрүү иштери күчөтүлөт»,-деп айтылат маалыматта.

Коомдук транспорттор боюнча төмөнкү эрежелер киргизилди:

  • коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдү толтурбоо зарылчылыгы жана бет кап кийүү милдеттендирилет;
  • санитайзерлер коюлушу шарт;
  • аралык сакталышы керек;
  • маршруттук каттамдардын айдоочуларында патенттин сөссүз болушу керек.
Количество просмотров: 197