• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирус жуккан жаңы 73 учур катталды

16 Аяк оона 2020 11:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 16-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 73 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 18 — коронавирус, 55 — пневмония. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 45 миң 72 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 11
  • Ош – 3
  • Чүй облусу – 5
  • Ош облусу — 14
  • Талас облусу — 3
  • Нарын облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 9
  • Жалал-Абад облусу – 9
  • Баткен облусу — 18
Количество просмотров: 75