• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөн миңден ашык жаран иштен алынды

20 Үчтүн айы 2022 16:24 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында COVID-19га каршы эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлерди аныктоо боюнча текшерүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу «УзА» агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, 17-январда жумушчу топ шаардагы 305 чарбалык субъекти менен 203 бюджеттик мекемени текшерген. Жыйынтыгында 1244 жаран коронавируска каршы вакцина албаганы аныкталган. Алардын ичинен 1044 кызматкер иштен алынса, 200 кишиге айып пул салынган. Мындан тышкары бир ишкананын иши токтотулган.

18-январда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүп жатканын билдирип, вирус бир сутканын ичинде 1214 кишиден аныкталганын кабарлаган. Бул пандемия башталгандан бери Өзбекстанда бир күндө катталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Количество просмотров: 130