• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Коронавируска шектелген СИЗО-1дин кызматкеринин анализи таза чыкты

7 Бугу 202012:23 Бишкек Govori.TV

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын бүгүн, 7-майдагы маалыматы боюнча, 4-майда СИЗО-1 мекемесинин кызматкери коронавируска шектелип, анализ тапшырган.

«Анализдин жыйынтыгы таза чыкты. Бардык үй-бүлө мүчөлөрү жана СИЗО-1 мекемесинин кызматкерлери текшерилип, эч кимден коронавирус аныкталган жок. Учурда аталган кызматкер медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө», -деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары бүгүн, 7-майда №47 абагынын кызматкерлеринен анализ алынууда.

Количество просмотров: 94