• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Коронавирустан айыккандардын саны 929га жетти

21 Бугу 202010:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-майга карата Кыргызстанда 19 адам коронавирустан айыккандан кийин ооруканалардан чыгарылды. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтамында, өлкөдө жалпы 929 бейтап айыкты.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 8, Ош облусунан 5, Жалал-Абад облусунан 4, Баткен облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды»,-деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 66