Акыркы суткада коронавирустан бир жаран каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Анын маалыматына ылайык, каза болгон учур Бишкек шаарында катталган.
Бүгүнкү күнгө карата бул илдеттен каза болгондордун саны 1 миң 60 адамга жетти.