• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирустан коргонгон кемпир коңшулары менен куткаруучуларды дүрбөттү

29 Кулжа 2020 13:52 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган кемпир кошуналарын сарсанаага батырды. Кошуналарынын айтымында, бир нече күндөн бери анын дайыны чыкпай калган.

«Бери дегенде эле 10 күнгө чукул болуп кетти. Биз аны өлүп калган го деп ойлодук. Себеби, эшигин бир нече жолу такылдаттык. Айла кетип, 21-июнь күнү милиция кызматкерлерин чакырдык. Алар дагы эшикти такылдатып, эч ким ачпагандыктан куткаруучуларды чакырышты. Алар батирге балкон аркылуу кирүүгө аракет кылып жатканда кемпир ошол балкондон чыга калып, «силерге эмне керек?» деди. Куткаруучулар: «апа, амансызбы? Бизди кошуналарыӊыз чакырды» деп айтканда, мен: «өзүмдү өзүм курчоого алдым. Менин тынчымды албагыла» деди. Ушуну менен жүрөгүбүз тынчып калды. Анан куткаруучулар: «Аты-жөнүӊүздү айтып, кагазга жазып бериӊиз» дешсе, «жок, мен силерди жакын жолото албайм, коронавирус жугуп калат. Менин тынчымды алганга укугуӊар жок» деди. Ошону менен баарыбыз тарадык», — деп билдиришти тургундар.

Ошондой эле куткаруучулар дагы бир үйдүн эшигин ачып беришти. Шаардыктардын айтымында, ал батирдеги кемпир үйдү ичинен илип, уктап калган.

Булак: turmush.kg.

Количество просмотров: 4724