• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Коронавирустан жалпы 1445 айыкты

8 Кулжа 2020 10:17 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө бир сутка ичинде 20 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

«Бишкек шаарынан 17, Нарын облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 1, бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды», — деди Үсөнбаев.

Кошумчалай кетсек, республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1445 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Количество просмотров: 37