• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Коронавирустун үчүнчү толкуну кандай өтөт? Адистин жообу

17 Кулжа 2021 9:53 Бишкек Govori.TV

Кронавирустун үчүнчү толкуну былтыркы июль айындагыдай болбойт деп үмүттөнүп жатабыз. Бул тууралуу Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов Govori.TVнын «Ачык айт» программасында билдирди.

Нурматовдун айтымында,мурунку ката кайталанбасы үчүн ооруканаларда кошумча койкалар даярдалган.

«Коронавирустун үчүнчү толкуну былтыркы июль айындагыдай болбойт деп үмүттөнүп жатабыз. Себеби калктын басымдуу бөлүгү 2020-жылдын июнь-июль айларында коронавирус менен ооругандар. Ошол эле учурда ооруканаларда кошумча койкалар дайындалды. ИВЛ аппараттар, кычкылтек концентраторлор менен камсыздалганбыз. Өткөн жылга салыштырмалуу өлкөдө медкызматкерлер дагы тажрыйба алып калды. Деген менен өлкөдө вирусту түздөн-түз өлтүрө турчу дары жок. Аны эске алганда дагы деле коркунуч бар. Бирок былтыркы деңгээлге жетпейт деген ойдобуз»,-деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирустун биринчи толкуну 2020-жылдын июнь-июль айларында, экинчи толкуну ноябрь айында келген.

Количество просмотров: 5738