Кыргызстанда коронавирустун кесепетинен көз жумган 18 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөндү. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 4-сентябрдагы брифингде билдирди.
Ошондой эле учурда 34 маркумдун документтери каралып жатат. Бул үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында атайын комиссия түзүлгөн.
«Бардык саламаттыкты сактоо уюмдарында ушундай комиссиялар түзүлгөн. Алар тиешелүү документтерди топтоп, бүтүм чыгарылат», — деди министрдин орун басары.