• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Короновирустун айынан Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары өтпөй калышы мүмкүн

26 Бирдин айы 2020 11:11 Бишкек Govori.TV

Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары өтпөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык олимпиаданын мүчөсү Дик Паунд билдирди.

Анын айтымында, үч ай ичинде Олимпиаданын тагдыры белгилүү болот. Бул арада уюштуруучулар коопсуздук маселесин чечип, короновирусту жуктуруу тобокелчилигин азайтуу керек.

Олимпиадалык комитет Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен биргеликте чечим кабыл алат.

Дик Паунд спортчуларды үмүт үзбөй, машыгууну уланта берүүгө чакырды.

Олимпиада быйыл жайында Токиодо өтөт. Ага 11 миң спортчунун катышуусу пландалууда.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 2 миң 760га жетти. Аны 80 миң 994 киши жуктурду. Японияда 170 киши илдетке чалдыкты.

Количество просмотров: 123