Коррупция менен күрөштөн түшкөн акчанын эсебин 13 миллион сомго толукталды
Коррупция менен күрөштөн түшкөн акчанын эсебин 13 миллион сомго толукталды
7 Бештин айы 201815:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.12.2018.Govori.TV.
Башкы прокуратура жемкорлук менен күрөштөн түшкөн акчанын эсебин 13 миллион 119 миң 876 сомго толуктады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Башкы прокуратура 13 миллион 119 миң 876 сомду атайын эсепке которгон.
Жалпы аманаттык эсепте учурда 316 миллион 34 миң 900 сом бар.
Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби быйыл июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.
Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлигине жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.
Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты …
«Ысык-Ата» санаторийинин айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мекеменин кызыкчылыктарына каршы аракеттерди жасаганы аныкталды. …