• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Коррупцияга шектелген Октябрь РИИБинин мурдагы башчысы Аалиевдин иши кыскарды

19 Аяк оона 2023 17:38 Бишкек Govori.TV

Бишкекте коррупцияга шектелип кармалган Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Аалиевдин кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2022-жылдын 23 — декабрындагы өкүмү менен Уланбек Аалиевди кылмыштардын курамы жок болгондугуна байланыштуу актаган. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (2.02.2017- жылдагы Мыйзамдын редакциясында) менен күнөөлүү деп табылган жана VI категориядагы, башкача айтканда 300 000 сом айып салынган. Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегиясынын 2023-жылдын 19-сентябрындагы токтому менен Уланбек Аалиев тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 23-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2023-жылдын 25-майындагы өкүмдөрү өзгөртүлдү. У.К. Аалиев Кыргыз Республикасынын ЖКнин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн боюнча Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде анын аракетинде кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу кылмыш иши кыскартылды»,-деп жазылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын КЖКнин 133-беренесинин негизинде У.К. Аалиевдин реаблитацияга болгон укугу таанылганы кошумчаланды.

Эске салсак, 2021-жылы Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев жана эки кызматкери кармалган. Прокуратура тарабынан Октябрь РИИБинде кыйноо, опузалап пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталганы кабарланган.

Количество просмотров: 73