• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Космосбек Чолпонбаевдин абалы кескин түрдө начарлап кеткен

22 Тогуздун айы 202019:42 Бишкек Govori.TV

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун тараткан маалыматына ылайык мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин абалы кескин түрдө төмөндөп, өмүрүнө коркунуч жаратууда. Бул маалыматты улуттук борбордон бүгүн, 22-октябрда билдиришти.

Бүгүн эртең менен К.Чолпонбаевдин оор абалы тууралуу маалымат түшкөн. Ал Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна инфаркт диагнозу менен жаткырылган.

Аталган борбордун ооруканага барган өкүлдөрүнөн СИЗО-1 мекемесинин жетекчисинин уруксат кагазын талап кылып жолуктурушкан эмес.

Мурунку министр аталган абакта убактылуу камакка алынган болчу.

Количество просмотров: 303