• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Коюлган айыптар такталбай калса кандай болот?». “Кумтөр” боюнча камалган саясатчыларды үй камагына чыгаруу сунушталды

3 Кулжа 2021 12:14 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев 3-июндагы парламент жыйынында “Кумтөр” боюнча камалган саясатчыларды үй камагына чыгарууну суранды.

“Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңеште эки жолу төрага болду. Өмүрбек Бабанов өкмөттү башкарды, 2017-жылы 600 миңден ашык элдин добушун алган. Төрөбай Зулпукаров вице-спикер болуп эмгектенди. Үчөө тең салмактуу саясатчы, кичи мекенинде чоң колдоосу бар инсандар. Келечекте буларга коюлган айыптар такталабы, такталбай калса кандай болот, камалышына ким жооп берет деген маселе козголбой койбойт. Убагында Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылды эле», — деди депутат.

Эске салсак, «Кумтөр» боюнча депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев эки айга камалган

Количество просмотров: 207