• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кожобек Рыспаев: «Токон Мамытов ушунчалык бактылуу киши, кызматтан четте кала элек»

14 Аяк оона 2018 13:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.09.2018.Govori.TV. 
КСДП фракциясы тарабынан акыйкатчы ордуна Токон Мамытовду сунушташты. Бул тууралуу аталган фракциянын бүгүнкү отурумунда чечим кабыл алынды.
Мында депутат Кожобек Рыспаев, жаштарга жол беребиз деп коюп, кайра эле пенсиялык жаштагы адамды жылдырып атабыз деген оюн айтты.
«Токон Мамытов ушунчалык бактылуу киши, кызматтан четте кала элек. Погранвойскага КСДП алып барды, Кыргызалтынга барды. Бирок ушунчалык тажрыйбалуу киши программасын жазып койсо болмок. Мына жаш жигит Канатбек Азизтей жокпу, ал программасын жазып чыккан, элге тартуулады»,-деди К. Рыспаев
Ошого карабастан Кожобек Рыспаев Токон Мамытовдун талапкерин колдоп берди.
«Колдоп берелик, бирок бул киши «пенсионный возрастка» келип калчудай. Эки жылдан кийин кайра көтөрүлбөйбү бул маселе? Жаштарга жол беребиз деп коюп, кайра эле пенсиялык жаштагы адамды жылдырып атабыз»,-деди Рыспаев.
Ал эми депутат Дастан Бекешев да ушул маселеге токтолду.

Количество просмотров: 33