• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Краснодардагы Туапсе мунай иштетүүчү заводунан дрон чабуулунан кийин өрт чыкты

22 Теке 202413:38 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Коргоо министрлиги 22-июлда Украинанын 47 учкучсуз учагы беш аймакта жана Кара деңиз менен Азов деңизинин жээктеринде атып түшүрүлгөнүн билдирди. «РИА Новости» агенттиги Краснодар чөлкөмүндөгү Туапсе мунай иштетүүчү заводуна зыян келтирилгенин кабарлаган.

Министрлик учкучсуз учактардын көбү Ростов, Белгород, Воронеж, Смоленск жана Краснодар облустарынын үстүнөн түшүрүлгөнүн, 17си деңиз үстүндө жок кылынганын маалымдады. Краснодар облустук администрациясы Орусиянын мунай гиганты “Роснефтке” таандык Туапсе мунай иштетүүчү заводу дрондун калдыктарынан өрт чыкканын билдирди.

Теги:
Количество просмотров: 149