• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Креатив жок». Үгүттөөнүн биринчи күнүндө партиялар эмне менен эсте калды?

4 Аяк оона 202015:41 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 4-сентябрдан тарта Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштери расмий башталды. Үгүт иштери башталышы менен шайлоого аттанган партиялар өздөрү тууралуу маалымат берүүгө билек түрө киришишти.

Үгүт иштери башталбай жатып кеп-сөзгө да калгандар болду. Алсак «Бир Бол» партиясынан талапкер Алтынбек Сулайманов коомчулукта унутулуп бара жаткан лакап атын өзү кайра эстеткендей. Бул тамашалуу ролик соцтармактын ар кыл пикирлерин жататты.

https://www.facebook.com/altynbek.sulaimanov/videos/3278087338978447/

Ошондой эле «Бир Бол» партиясы таштанды чогултуп, 300 кг таштанды теришкенин айтып чыгышсы, «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен менен «Замандаш» боз уй тигип үгүт иштерин салтанаттуу башташты.

https://www.facebook.com/goldstarbek/posts/3328374827205932
https://www.facebook.com/nazgul.nasieva/videos/3275345812546859/
https://www.facebook.com/avlanbek/posts/4221878127882771
https://www.facebook.com/photo.php?fbid=3305127876230745&set=a.198461446897419&type=3&theater
https://www.facebook.com/aziza.abdirasulova.1/posts/4305390766201319

Үгүт ишинин башталуусунун биринчи күнүнөн тартып эле айрым көчөлөрдө талапкерлердин сүрөттөрү илинди. Коомчулук шайлоого аттангандарда жаңычылык нерсе жок болуп жатканын талкулашууда. Алардын айтымында баары эле көнгөндөй, эскичилик болууда.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы 15 партиянын талапкерлерин каттоодон өткөргөн.

Ал эми 2 партия — «Бүтүн Кыргызстан» жана «Актив» катталган жок. Бүгүн партиялар арасында чүчү кулак өткөрүлүп, алардын бюллетендеги орду аныкталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Республика боюнча 2464 шайлоо тилкеси, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо тилкеси түзүлдү.

Количество просмотров: 48