• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кримчөйрөдө «Казак» каймана аты менен белгилүү болгон жаран кармалды

11 Тогуздун айы 2019 15:38 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын криминалдык милиция кызматы издөөдө жүргөн «Казак» каймана аты менен белгилүү болгон жаранды кармады. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү М.У. (мурдагы аты К.Э.) милиция тарабынан кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинген. Сурак учурунда өзүн начар сезгендигине байланыштуу Тез жардам чакырылып, Ош шаарындагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү кайтарууга алынган.

«Кылмышка шектүү М.У. (мурдагы аты К.Э.) мурда бир нече жолу соттолгон. Ал 9-октябрь күнү Ош шаарынын «Скай-бар» түнкү эс алуу борборунда 23 жаштагы жигит менен сөз талаша кетип, миздүү нерсе менен желкесине жана оң каруусуна сайып, изин жашырып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 209