• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кримтөбөл Камчы Көлбаев кызын турмушка узатты

29 Жалган куран 2021 14:43 Бишкек Govori.TV

Кримтөбөл Камчы Көлбаев кызын турмушка узатты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Камчы Көлбаевдин күйөө баласы 25 жаштагы Руслан аттуу жигит. Анын кылмыштуу топко тиешеси жоктугу айтылууда.

Үлпөт тойдун биринчи күнү «Арзу Грант», экинчи күнү «Версаль» ресторанында диний жөрөлгөлөр сакталып, аялдар менен эркектер эки башка залда олтургузулуп өттү.

Камчы Көлбаевдин үч кыз бир уулу бар. Санира 2017-жылы турмушка чыккан. Бул жолу Эркеайым аттуу ортоңчу кызын узатты.

Ага ырчылардан жаңы эле АКШдан келген Мирбек Атабеков чакырылып, бир нече ырын аткарды.

Белгилей кетсек, Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлөпберген Садыр Жапаровдун шайлоодогу утулушуна арналып, «Ала-Тоо» аянтында өткөн концертке барып ырдаган ырчыларды сынга алган.

Количество просмотров: 727