• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

«Крокус» боюнча теги кыргызстандык жаран шектелип кармалды

26 Жалган куран 202416:06 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Тергөө комитети «Крокус-сити» борборундагы кол салууга байланышы бар деген сегизинчи шектүүнү камоону өтүндү. Бул тууралуу 26-мартта Москванын Басман райондук соту билдирди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 32 жаштагы Алишер Касимов кол салууга шек саналып кармалгандардын бири Шамсидин Фаридуниге батирин ижарага берген.

Касимов — теги кыргызстандык Орусиянын жараны. Ал Красногорск шаарында турат, үч баласы бар. Сотто Касимов Фаридунинин террорчулукка байланышы бар экенин билбегенин, батирин “Авито” сервиси аркылуу ижарага берип жүргөнүн айткан.

Количество просмотров: 197