• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

КСДП Атамбаевди коргоп айрым басылмалардын үстүнөн даттанды

11 Аяк оона 2018 11:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.09.2018.Govori.TV.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) айрым басылмаларда жарык көргөн макалаларга нааразы болуп, Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссияга арызданды.

Аталган комиссиядан билдиришкендей, даттануу августтун аягында жөнөтүлгөн, азыр каралып жатат.

Арызда «Майдан Пресс» басылмасында, «Kyrgyztoday.kg» жана «NazarNews.kg» сайттарында экс-президент, КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин дарегине такталбаган макалалар чыкканы айтылат.

«Макалаларда «Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш кылууга камынып жатканы, Чүйдө жаштар менен жолукканы» тууралуу маалыматтар далилсиз жазылган»,- деп белгиленет арызда.

Партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева макалалар журналисттин этикалык кодексин бузган деп, басылмаларга эскертүү берип, таратылган кабарларды төгүнгө чыгартууну суранууда.
Кыргызстандын журналисттеринин 23 беренеден турган Этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынган. Он жылдан ашуун убакыттан бери маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия ыктыярдуу түрдө иштейт. Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган 13 кишиден турган комиссия маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Жетекчиси — юрист Шамарал Майчиев.
Комиссиянын чечими сунуш катары эсептелет, юридикалык күчү жок.
Количество просмотров: 25