• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

КСДП мүчөлөрү Атамбаевди туулган күнү менен куттукташты

17 Аяк оона 2019 9:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Буга байланыштуу КСДП аны туулган күнү менен куттукташты.

«Сизди туулган Күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Акыркы убактарда Сиздин ысымыңызга канчалык ыпылас, ойго келбеген калп менен жалааны жаап жатышканына карабай, Сиз партиялаштарыңыз, баарыбыз үчүн, ошондой эле Сиздин өлкөгө, кыргыз элине өтөгөн ак кызматыңызды жакшы билген миңдеген кыргызстандыктар үчүн чыгаан Инсан жана саясатчы катары үлгү болуп кала бересиз. Сиздин «Намыс өмүрдөн кымбат!» деп айткан сөзүңүз биз үчүн дайыма эч кандай кыйынчылыктарга тизе бүктүрбөгөн, акыйкат менен чындыкка умтулткан жана баарыбызды чыйралткан моралдык багыт болуп калууда», — деп жазылат куттуктоодо.

Мындан тышкары билдирүүдө Алмазбек Атамбаевге каалоо тилектер айтылып, кылган иштери тууралуу кошумчаланган.

«Бул оор күндөрдү жеңип чыгууда Сизге сабырдуулук жана ден соолук каалайбыз. Өзүңүздүн «Тагдырга моюн сунбайм» деген ырыңызда айткандай, бекем болуңуз, кымбаттуу Алмазбек Шаршенович! Биз чогуу күрөшөбүз», — деп жазышкан Атамбаевдин тарапташтары.      

Эске салсак, бүгүн Атамбаевдин туулган күнүнүн урматына бүгүн Бишкектеги Горький атындагы сейилбакта колдоо акциясын өткөрөт. Акция жүрүшүндө тарапкерлеринин мурдагы президентке каалоо-тилектерин чогултулуп, абакка жеткирилет.

Алмазбек Атамбаев бүгүн 63 жашка толду. Ал быйыл 8-августта бир нече кылмышка шектелип Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 89