• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

КСДП экс-мэрлердин кылмыш иштери боюнча билдирүү таратты

10 Үчтүн айы 2019 17:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.01.2018. Govori.TV.

Кыргызстан-социал демократиялык партиясы (КСДП) Бишкек шаарынын мурдагы башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча билдирүү таратты.

Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-мэрлерди коррупцияга байланыштуу айыптаган билдирүүлөрү Кыргызстандын Баш мыйзамынын принциптерин бузуу катары бааланат.

Анын ичинде атайын кызмат өзгөчө Конституциянын “күнөөсүздүк презумпциясы” принцибине каршы иштеп жатканы белгиленет.

Партиянын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Кулматов менен Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесаревдин сөзүнө шилтеме берүү менен “Бишкек шаарынын мурдагы эки мэрин айыптоого коомчулукту ишендириш үчүн УКМК “жомок” айтып жатат” деп айтылат.

“Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду коргогон тарап алардын айыптоосу боюнча УКМКнын коомчулукту адаштыруу аракеттерине таң калбай калды. Мектептин курулушу мыйзам бузуу менен жүргөн эмес, тескерисинче Кулматов менен Ибраимовго карата тергөө иштери мыйзам бузуу менен, бир тараптуу жүрдү. Бул жана мыйзамсыз камакка алуу, экспертиза жүргүзүүдөгү айыпталуучулардын укуктарын бузуу, кылмыш иштерин чаташтыруу, курулушчулар менен экономисттерден алынган юридикалык экспертиза, тергөөчүлөрдүн бүтүмү — баары жасалма болууда”, — деп айткан Слесарев.

Мунун алдында УКМК Кулматов боюнча билдирүү таратып, анын шаарды жетектеген тушунда башталган мектептин курулушунда 95 млн. сом мыйзамсыз иштетилгени аныкталганын билдирген.

Ага чейин “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун алкагында Кытайдын ТВЕА компаниясы берген 2 млн. доллар грантты мыйзамсыз иштеткени аныкталганы кабарланган.

Кулматов «Калыс-Ордо конушунда мектеп куруу шылтоосу менен көрсөтүлгөн акча каражатын өкмөттүн кароосунан мэриянын кароосуна өткөрүп алган» деп да айыпталган. Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган.

Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен айыпталып жатат. УКМКнын билдирүүсүнө караганда, ал «Дастан” ишканасын жетектеп турганда «270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деп шек саналып жатат.

Былтыр кармалган эки мурдагы мэрлер УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Количество просмотров: 39