• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

КТРКда президенттикке талапкерлердин видео кайрылуулары эмнеге өчүп калды?

17 Бештин айы 2020 14:16 Бишкек Govori.TV

Коомдук теле-радио компаниясы 15-16-декабрда түз обого чыккан алты талапкердин видео кайрылуусун интернет сайтынан жана YouTube порталындагы баракчасынан өчүрдү.

Эки күндө президенттикке талапкерлер Эльдар Абакиров, Курсан Асанов, Бактыбек Калмаматов, Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев жана Канатбек Исаев түз чыгып 10 мүнөттөн сүйлөшкөн.

Каналдын продюсерлеринин бири Бактияр Тукеев Интернет-сайт менен YouTube порталында техникалык мүчүлүштүк болгонун «Азаттыкка» билдирген.

Анын айтымында, азыркы тапта оңдоо иштери жүрүп жатат.

«Видеолор толугу менен кайра жүктөт»,-деп билдирген Тукеев.

Белгилей кетсек, талапкерлерге БШКнын чечими менен мамлекеттик теле-радио компаниялардан элге түз эфирде кайрылууга убакыт берилген.

Количество просмотров: 183