6-майда Куба мамлекетинин борбору Гавана шаарында Капитолийдин маңдайындагы Saratoga деп аталган мейманканада жарылуу болду. Кеминде 18 адам каза таап, дагы ондогон адамдар жаракат алганын BBC басылмасынын орус кызматы жазды.
Жергиликтүү медиалар суюлтулган газ жарылып кетиши мүмкүн деген жүйөлөрдү билдирүүдө.
Жеринде куткаруучулар иштеп, урандыларды тазалоо жана жабыркагандарды эвакуация иштери уланып жатканы кабарланды.