• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кубатбек Боронов «Апрель» революциясы боюнча жыйын өткөрдү

1 Жетинин айы 2018 18:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.10.2018. Govori.TV
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2010-жылдын 7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ал эми 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгон, жабыркагандардын туугандарына жардам көрсөтүүнү колго алды.
Анын алкагында аларга социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган окуялардан курман болгон, жабыр тарткандардын жана туугандарынын учурдагы абалы, медициналык көмөккө муктаждар тууралуу маалымат айтылды.
Министр Боронов бул маселе боюнча кеңешмелерди үзгүлтүксүз негизде өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу тийиштүү министрлик жана ведомстволорго комиссия кабыл алган чечимдерди өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Эскерте кетсек, комиссиянын курамына министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери, «Мекен шейиттери», «Апрель баатырлары», «Айкөл таза коом»  баш болгон коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирген.
Булак: «Марал» радиосу
Количество просмотров: 21