Бишкектин Октябрь райондук соту мурунку Акыйкатчы Турсунбек Акундун «Апрель» телеканалына болгон доо арызын кароодон баш тартты. Бул туурасында анын өкүлү Аида Токтоназаровага таянып, 24.kg жазды.
Анын айтымында, сотко бардык керектүү документтер жана далилдер берилген, бирок доо арыз четке кагылды. Юрист чечимдин үстүнөн арызданып, аны жаңы курамда кароого жетишүүгө аракет кылаарын билдирди.
Эске салсак, 2019-жылдын 24-июнунда Турсунбек Акун «Апрель» телеканалы жана каналдын атайын кабарчысы Канат Каниметов анын кадыр-баркына, ар-намысына шек келтирди деген жүйөө менен сотко берген.