Бишкек. 25.01.2019. Govori.TV
Кыргызстанга кирип чыккан чет элдик жарандардын бир пайызын гана кытайлар түзөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн өкмөттүк жыйында билдирди.
“Боронов Кыргызстанга кирип-чыккан кытайлардын саны аз экенин далилдеп, сандар менен салыштырды. Алсак, өлкөгө келип-кеткендердин жарымы – 47%ы казакстандыктар, 37% – өзбекстандыктар, ал эми орусиялыктар 9%ды түзөт.
Боронов кошумчалагандай, бир жылда Кыргызстанда 500 миңдей чет элдик каттоодон өткөн. Анын ичинде кытайлардын саны 24 миңге же 5%га чамалайт.
“Кытайлар басып кетти, каптап кетти деген коомдогу терс пикир жараткандарга бул маалымат туура жетиш керек”, – деди Боронов.
Жыл жаңыргандан бери өлкөдө кытайларга каршы маанай орун алып, эки ирет митинг өттү. Өкмөт мындай жагдайды ички күчтөр атайылап жаратканын айтып келет.