• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Кудайберген» базарындагы мушташта бир киши каза болду

10 Чын куран 2021 9:23 Бишкек Govori.TV

«Кудайберген» базарындагы уруштан эркек киши каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 3-апрелде болгон. Болжол менен саат 15:30дар чамасында милицияга Патрис Лумумба менен Дэн Сяопин  көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде киши бычакталганы боюнча кабар түшкөн. Тартип коргоо кызматкерлери барганда 32 жаштагы А.Б. аттуу жабырлануучу көкүрөк тарапка бычак жегени маалым болгон. Ал ооруканага жеткирилгени менен эсине келбей, каза болгон.

Милиция ошол күнү шектүүнү тактаган. Ал 32 жаштаны Н.А. аттуу жаран болуп чыккан. Тергөөнүн маалыматына караганда, издөө салынган кишинин маркумга туугандык жайы бар.  

«Биринчи күнү издөө жана иликтөө иштери жүрүп, шектүүнүн кайда турганы аныкталды. Анын жашаган жайы менен туугандарынын үйү тинтүүгө алынды. Криминалдык милиция жакын чөйрөсүн, байланыштарын тактады. Чек арага күзөт карточкалары коюлуп, ички иштер органынын аймактык бөлүмдөрүнө ал туурасында маалыматтар жөнөтүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан аталган факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Өлтүрүү») менен иликтөө иштери башталганын кошумчалашты.

Количество просмотров: 2388