Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйын учурунда вицэ-мэр Азамат Сагындык уулунун кармалышы боюнча комментарий берип, ал мэриянын системасында ишин так билген кадр экенин жана камалганы тууралуу маалымат каражаттарынан гана окуганын айтты.
«Азамат Сагындык уулунун пара алганы тууралуу менде маалыматтар жок. Аны тергөө аныктайт. Менин оюмча, иши оң жакка чечилет. Себеби аны өз жумушун жакшы аткарган адам катары билем. Мэриянын кызматкери катары ага эч кандай доомат жок. Калгандары иликтөө учурунда маалым болот. Айыптап жана комментарий бергенге менин укугум жок», — деди ал.
Эске салсак, 26-июлда Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан пара алууга шектелип кармалган.