• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кудайбергенов: Жол киреге тарифти көтөрүү маселеси сентябрда чечилет

2 Кулжа 2021 18:07 Бишкек Govori.TV

Жол кире акысын көтөрүү маселеси сентябрда чечилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жыйында билдиргенин Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов бүгүн, 2-июнда жүргүнчүлөрдү ташуучу фирма жана ассоциациялардын жетекчилери менен жолугуп, бардык маселе КРнын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынышы керектигин белгиледи.

Кудайбергеновдун айтымында, тарифтерди өзгөртүү тууралуу чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат.

«Документ КР мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн бардык этаптан өтүшү керек. Бүгүн, 2-июнда тарифтерди көтөрүү туурадуу токтом долбоору шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна коюлат. Сентябрь айына чейин Бишкек шаардык кеңеши менен коомдук транспорттогу тарифтерди көтөрүү маселесин иштеп чыгабыз”,-деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-июнда маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүү талабы менен иш ташташкан.

Количество просмотров: 216