Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов чек арадагы жаңжалда жарадар болуп, ооруканада жаткан бейтаптардын абалын сурады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэрдин милдетин аткаруучу Б.Кудайбергенов аларга чың ден-соолук жана тез сакайып кетишин каалаган.
Белгилей кетсек, Баткендеги жаңжалдан жабыркагандардын саны 189 адамга жетип, 36 адам курман болду. Учурда ооруканаларда 100 адам дарыланууда. Буга чейин Бишкекке 59 жабырлануучу жеткирилген. Баткен облусундагы бейтапканаларда 41 киши жатат, калгандары амбулатордук түрдө дарылануусун улантууда.