• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кумшекер жана өсүмдүк майы кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотулду

23 Жалган куран 202215:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда кумшекерди жана өсүмдүк майын өлкөгө алып кирүү кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында айтылганын 23-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, “Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 1-апрелден 31-декабрга чейин Кыргызстанга импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленди”.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден кийин дээрлик эки жылдан бери 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллардын куну кескин жогорулап, сомго карата курсу 20 сомго кымбаттаган. Ошонун кесепетинен базарда негизги азык-түлүктүн баасы да жогорулады.

Количество просмотров: 147