• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

04.06. 2018. Күндүн ыргагы… Кечиккен реакция… Бээжин сапарынан эмнелер белгилүү? Атамбаевдин кол тийбестиги Конпалатанын колунда…

4 Кулжа 2018 20:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.06. 2018. Govori.TV
Мындан бир жума мурун, 27-майда Жайыл районунда болгон төбө чачты тик тургузган окуя боюнча кыргыз бийлиги эми реакция жасады. Ал ортодо бул Кыргызстандагы кыз ала качуу деген адаттан тыш, ал тургай мыйзамдан сырт кыз ала качуу маселесин, анын запкылары тууралуу дүйнөлүк ММКлар жарыша жазып, бул адам укуктарын ашкере тебелеген окуя боюнча көз караштарын чагылдырып жатышты. Буга кошумча, БУУнын өкүлчүлүгү  дагы бул окуяны көңүл сыртында калтырбай, өз баасын берип, өлкөдө 24 жашка чейинки кыздардын 13 пайыздан ашыгы ала качуунун курмандыгы болоорун, бул мажбурлап баш коштурууга каршы мыйзамдар жазылганы менен анын аткарылышы көзөмөлдөнбөй калганын баян кылды.

Мына ушундан кийин, социалдык тармактарда Бурулайдын өлүмү боюнча кыргыз бийлик башчыларына да нааразычылыктар пайда болду. Айрыкча, демократиялык нукка түшүү жагынан Кыргызстанды ат чабым алыска калтырган Грузияда азыр окуучулардын өлүмү боюнча коомчулук Тбилисинин борбордук аянттарына он миңдеп нааразычылыкка чыгып, башпрокурорду басым менен кызматтан кетирип, ал тургай өкмөттүн отставкасын талап кылып турган чакта Бурулайдын  болгондо да милициянын бөлүмчөсүндө өзгөчө кордолуп өлтүрүлүшүнө Өкмөт менен Президенттин үн катпаганына элдин сын айтканы жөндүү эле көрүнүш.
Чындап келгенде, бизде мыйзам менен белгиленгендей, кыз ала качуу өзү кылмыш. Демек, өз эрки менен макул болбогон кызды чыңыртып ала качып бара жаткандар кылмышкер болуп саналат. Анан, бул боюнча милицияга билдирүү түшүп, болжолдуу белгилер берилип, атайын операциянын негизинде ала качып бара жаткандар кармалып, алар милициянын бөлүмүнө алынып келинип, бирок, жабырлануучу Бурулайды кылмышка негизги шектүү адамдын колуна салып берип, экөөнү ээн бөлмөгө камап коюу мыйзамга да, логикага да, этикага да сыйбай турган өзгөчө осол иш болчу.  Бул үчүн албетте, милиция кызматкерлери татыктуу жазасын алып, бул окуя иишине кайдыгер, шалаакы, адам өмүрүн оюнчук көргөн, ар кандай жеңил кызыкчылыктарга ынталуу милицияларга сабак болууга тийиш. Себеби, кызды ала качып бара жаткан кылмышка шектүүнү суранычын аткарып, ага эч кандай тинтүү жүргүзбөстөн, кызды колуна салып берүүнүн артында сөссүз материалдык же өң-тааныштык кызыкчылык гана болушу мүмкүн.  Буга кошумча кыздын бир канча жолу бычак  жеп өлтүрүлүшү, денесине мыкаачылык менен сүрөттөрдүн тартылышы бүт кыргыз милициясынын турган турпатын дүйнөгө ачык шардана кылды.
Мындай окуядан кийин ИИМ министри кызматтык иликтөө дайындап өз көзөмөлүнө алганча, өз эрки менен кызматынан кетип калса, балким, анча-мынча акниет, кесипкөй милициялардын кадырын сактап калмактыр?! Мындай кадам дүйнөнү өзүнө бурган кылмыш боюнча кечигип козголгон кыргыз бийлигинине да жоопкерчиликтүү мамилени кайрып бермек…
Бээжин сапарынын белгилүү жагы…
Ушул жумада Президентибиз Сооронбай Жээнбеков ШКУнун алкагында Бээжинде болуп, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Анын аппаратындагы сырткы байланыштар бөлүмүн жетектеген Данияр Сыдыковдун айтымында, өлкө башчы КЭРдин өлкө башчысы Си Цзиньпинден тышкары премьер-министри Ли Кэцян жана Жалпыкытайлык эл өкүлдөр жыйналышы комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы мамилелерди жандандыруу маселелерин  талкууга алмакчы.

“Буга чейин эи өлкө ортосунда эки жүздөн ашык мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюлду. Бул эки өлкөнүн ортосундагы олуттуу келишимдер базасы бардыгын жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктрүүү боюнча аракеттерди күбөлөндүрүп турат”,-деген Данияр Сыдыков Президент тарабынан 10дон ашык маанилүү документтерге кол коюла турганына бышыктады.
Айталы, бул Бээжин сапарында Кыргызстан-Кытай газтүтүгүн куруу, КЭР менен Кыргыстан ортосундагы экспорт маселеси, “мобилдүү госпитал” жана башка соода-сатык келишимдери каралып, ошондой эле Кытайдан Кыргызстан тарапка 70 млн. доллар өлчөмүндө гранттык жардамдын келишине жол ачылаары маалымдалууда.
Аны менен бирге эле Президенттин аппараты Бишкек ТЭЦинин айланасындагы маселелер, ТВЕА компаниясынын ишмердигине карата пикирлер эки өлкөнүн мамилесине эч таасир тийгизбей турганын, ушул иш сапар менен Кыргызстан-Кытай мамилеси жаңы барактан, жаңы деңгээлде башталаарын убада кылышууда.
 Экс-президенттин кол тийбестигин  Конституциялык палата кароого алат
Акыркы учурларда эң башкы маселе катары-экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселесин айтсак болот. Бишкек ТЭЦинин кыштагы иштен чыгуусу, аны менен кошо ачыкка чыккан обьектини модернизациялоого коротулган 386 млн. доллардын изи менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге көп суроолор пайда болду. Бул ишти үч ай караган Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы жыйынтыгында “экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абсалюттук кол тийбестик угунан ажыратуу боюнча мыйзам иштеп чыгуу керек” деген бүтүмгө келгени маалым. Андан соң депутаттар Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиевдер Президенттин кол тийбестин макамын алуунун тартибин Жогорку Кеңештин депутатыныкына теңдештирген мыйзам токуп чыкса, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев Конституцияны жетекчиликке алуу менен экс-президентте кол тийбестик макам жок экенин айтып чыкканы бар.

Ушул чакта, жарандык активист, укук коргоочу Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага бул маселени карап чыгуу боюнча өтүнүчүн келтирди.  “Президенттин ишмердигин кепилдиги жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, экс-президенттин абсолюттук кол тийбестик макамы баардык мыйзамдардын теңдиги боюнча конституциялык принциптерге каршы келет. Эми беш айдын ичинде Конституциялык палата 1-июнда кабыл алган менин арызымды карап чыгып, чечим кабыл алууга милдеттүү. Ошондой эле бул боюнча Жогорку Кеңеш да шашылбай, соттук процесстерге катышып, өздөрүнүн бул маселе боюнча туура деген ойлорун айтышы керек. Азыркы жана мурдагы президенттер да кызыктар тарап катары катышып, пикирлерин айтышы керек”,-дейт укук коргоочу.
Чындап эле бул олуттуу маселеге КОнституциялык палата өз чечимин чыгарууга тийиш. Анткени, жакында эле Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да кол тийбестик маселесин бир эле президент же 120 депутат чечип койбой, бул жалпы элдик добуш берүү-референдум жолу менен чечилиш керектигин айтканы бар.  Ал эми Нурбек Токтакунов болсо кол тийбестик макамынан экс-президентти ажыратып коюу үчүн Жогорку Кеңеш мыйзамга бир пункт киргизип коюп чечсе да болоорун, бирок, суроолорго чекит коюу үчүн а дегенде Конституциялык палатанын чечими маанилүү экенин айтты. Эми так ошол экс-президенттин амири менен Конституциялык палатага судья болуп келген адамдар кандай чечимге келет, мезгил көрсөтөт.
Количество просмотров: 33