• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Майдан: Жапаров Кытайда. Борбор Азия үчүн талаш башталдыбы? (Түз эфир)

17 Бугу 2023 16:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда мамлекеттик сапар менен Кытайга жөнөп кетти. Мамлекет башчысы сапардын алкагында «Кытай-Борбор Азия» саммитине катышат.

Кабарлангандай, Кытайга Борбор Азиянын лидерлери да барат.

Жапаровдун 18-майдан 20-майга чейин созула турган сапардын жүрүшүндө КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Белгилей кетсек, Борбор Азия өлкөлөрунун лидерлери буга чейин, 9-майга карата Москвада өткөн парадга барышкан болчу.

«Жапаров Кытайда. Борбор Азия үчүн талаш башталдыбы?» деген темадагы «Майдан» дебаттынын катышуучулары менен тааныштырып өтсөк:

  • Эдил Осмонбетов — саясат талдоочу;
  • Эдил Марлис уулу — Түрк элдеринин Конгресси эл аралык коомдук бирикмесинин президенти;
  • Бакыт Бакетаев — саясат талдоочу;
  • Жылдызбек Турганбаев — коомдук ишмер.
Количество просмотров: 2761