Куралдардын жана ок-дарылар сакталган жашыруун жер табылды. Бул тууралуу бүгун, 16-февралда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМ менен биргеликте Чүй облусунун аймагынан курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды.
«Табылган жашыруун жерден 2 кесилген мылтык, 160 ашуун ар кандай калибрдеги гильзалар, колго жасалган бычактар, беткаптар жана кол каптар табылып алынган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар бир катар каракчылык фактыларына катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн экендиги божомолдонууда», — деп айтылат маалыматта.
Учурда УКМК ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.