• Шаршемби 21 Чын куран 2021

Курсан Асанов 26-майга чейин камакта калды

21 марта 2021 в 9:55 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 26-майга чейин камакта калды. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 20-мартта чыгарды.

“Курсан Сатарович ылмыш ишин иликтөөнүн алкагында ал 26-майга чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта болот”,-деди жактоочу.

Кошумчалай кетсек, Асанов 26-январда имаратты басып алган деген шек менен кармалган.

Количество просмотров: 217