Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асанов камакка алынганы жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Govori.TVга билдирди.
Анын айтымында, бүгүн эртең менен Асанов суракка ИИМдин тергөө кызматына чакырылып, адвокаттын катышуусуз суракка алынган.
Ал кошумчалагандай иш 5-6-октябрдагы окуяларга байланыштуу.
Эске салсак, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте башаламандык болуп, бийликтин алмашуусуна алып келген. Бул ишке экс-президент Алмазбек Атамбаев, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, президенттик администрациянын экс-башчысы Фарид Ниязов айыпталуучу катары өтүп жатат.