Бүгүн, 19-мартта Ички иштер министринин мурдагы орун басары, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин койгон генерал Курсан Асановдун бөгөт чарасы Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда каралмак. Сотко Курсан Асанов алынып келинди.
Саат 17:00гө белгиленген жараян алигиче баштала элек. Алдын ала маалымат боюнча мамлекеттик айыптоочу келе элек.
Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталууда. Ал 26-январда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторуна жеткирилген.