• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Курсан Асанов судьяны «Кыз Сайкалга» теңеди

9 Аяк оона 2020 20:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызын карады. Анда сот “Бүтүн Кыргызстандын” пайдасына чечим чыгарды.

Сотто Анар Эгембердиева төрайымдык кылды. Сот партиянын доо арызын канааттандырып, БШКнын буга чейинки чеимин жокко чыгарды.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү соттун имаратынын алдында чогулуп, чечим күтүп жаткан тарапташтарына чыгышып ыраазылыктарын айтышты.

Сөз алган Курсан Асанов чечим чыгарган судьяны Кыз Сайкалга теңеди.

«Мен кыскача эле сүйлөйүн, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү, тарапташтары ушул 3 күндүн ичинде болот кантип курчуса, биз да ошондой курчудук. Мен буга чейин да айткам, арабызда Кыз Сайкалдар, Куманжан энебиздей болгон кыздарыбыз бар. Азыркы чечим чыгарган судья да «Кыз Сайкал» экен», — деди Асанов.

Аталган партиянын тарапташтары сот имаратынын алдына чогулушуп, “жеңишке жеттик” деп жаалап кыйкырышууда.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга 15 саясий партияны каттаган. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездинде мыйзам бузулганы жүйөө келтирилген. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, сотко кайрылган.

Количество просмотров: 464