• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Курулуш компанияларына алдандык»,-деген жарандар акыйкаттык издеп, президентке чейин келишти

4 Чын куран 2023 16:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Сүйөркулова 16/1 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн тургундары ««Квартал Строй» жана «Нуржанат ЛТД» курулуш компанияларына алданып калганын айтып, президентке кайрылуу үчүн келишкен. Бирок, алар азырынча президентке жолугууга мүмкүнчүлүк болбой жатканын айтып, нараазы болушууда.

Буга чейин тургундар президентке кат аркылуу да кайрылышкан. Андан майнап чыкпай келет.

Ал эми аталган ««Квартал Стройдун» директору Асыл Талипова жана Нуржанат ЛТДнын ыйгарымдуу өкүлү Нуржан Рыскулова менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. «Govori.TV» экинчи тараптын да пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берүүгө даяр.

Количество просмотров: 228